Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Имамдар эки апталык окуудан өтөт


“Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун "Азаттыкка" маалымдашынча, 3-августтан баштап Кыргызстанда имамдар эки жумалык курстан өтүп, белгилүү аалымдардан таалим алышат. Кадырбеков азыркы учурда терроризм менен экстремизмге күч менен гана каршы туруу мүмкүн эместигин, анкени азыр экстремисттик идеологияны алып жүргөндөр идеология майданында катуу аракет көрүп жатканын билдирүүдө. Мындан улам ал салттуу туура динди элге жеткирүү үчүн имамдардын, дин ишмерлеринин билим сапатын көтөрүү зарылдыгын белгилейт.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев да журналисттер, саясат таануучулар жана медиа эксперттер менен болгон жолугушууда көпчүлүк мечиттерде иштеген имамдардын билим деңгээли төмөн болгонун белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG