Бул тууралуу дүйшөмбүдө Улуттар Уюмундагы Орусиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Анын айтуусунда, документ БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттердин көпчүлүк добушун алган күндө да Орусия ага вето коюу укугун пайдалана алат. Ошентсе да Чуркин малайзиялык учакка байланыштуу эл аралык трибунал долбоору добушка коюлбайт деп ишенет.
Малайзиянын сунушу менен түзүлгөн резолюция добуш берүүгө шаршембиде коюлат. Долбоорду Нидерланд, Австралия, Бельгия жана Украина колдоодо.
Орусия болсо 20-июлда өзүнүн резолюциясын сунуштаган.
Malaysia Airlines компаниясына таандык «Боинг» учагы былтыр 17-июнда Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп келе жатып, Донецктин үстүнөн атып түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жүргүнчү учагын орусиячыл жикчилер атышкан. Учактагы 298 кишинин бири да тирүү калган эмес, алардын көпчүлүгү Нидерланд жарандары болгон.