Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

“Оймо” фестивалы өтөт


Иш-чара 31-июлдан 9-августка чейин Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Уюштуруучулардын билдиришинче, бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, байыртан келе жаткан салтты жандандыруу, маданий мурастарды сактап, кыргыз бермети – Ысык-Көлдү туризмдин Мекесине айландыруу болуп саналат.

Фестивал 31-июлда Бишкекте ачылып, 2-июлга чейин созулат. Борбор калаадагы бөлүгүндө “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы аянтчада, Мамлекеттик тарых музейинде, Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт кол өнөрчүлүк музейинде, Эмен паркында иш-чаралар болот. 3-августтан 9-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында уланат.

Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалаган “Оймо” фестивалы бир нече жылдан бери уюштурулуп, ага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн кол өнөрчүлөр, искусство адамдары катышып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG