Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Балтиканын Швеция жээгинде чөгүп кеткен кеме табылды


Суу алдында жүрүүчү кемени Балтика деңизинин түбүнөн таап алган Оcean X Team жеке ишканасы кайыкта кишилердин сөөгү болуусу ыктымалдыгын айтууда.

Суу алдынан табылган мини субмаринанын узундугу 20, туурасы 3 метр, Орусияда жасалгандай, анткени кайыкта орус тамгалары бар. Азырынча анын деңиз түбүндө канча жатканы белгисиз. Швециянын коопсуздук боюнча консультанты Иоаким фон Браундун айтуусунда, кайыктын экипажы 3-6 кишиден турган болуусу мүмкүн.

Өткөн жылы октябрда Швециянын аскер-деңиз күчтөрү бир нече күн бою суу алдында жүрүүчү кемени издешкен. Маалыматтарга караганда, андан мурдараак Швецияга таандык аймактан суу алдындагы белгисиз объекттен жардам сураган сигнал келип түшкөн. Ал Калининграддагы базага жиберилген Орусияга таандык суу алдында жүрүүчү кеме болгону кабарланууда.

Орусиянын аскер-деңиз күчтөрү болсо ошол мезгилде өздөрүнө таандык кемелердин эч бири кырсыкка кабылбаганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG