Зардалыда ФАП курула баштады
Баткендин Зардалы айылында айыл түптөлгөнү алгачкы жолу медициналык мекеме курула баштады. Демилге эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Мекеме ушул жылдын аягына чейин бүтөөрү пландалган. Баткен районунун алыскы Зардалы айылына 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирип, бир ай бою айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат. Айылда туруктуу 30дай үй-бүлө жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылда электр энергиясы, телефон байланышы жок. Медициналык тейлөө жоктугунан бул айылда үйүндө төрөгөн учурлары да болуп турат.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2026Сасык дарак шаарды чөлгө айлантабы?
-
Октябрь 30, 2026Анкара саммити: Алиев барган жок, Жапаров орден алды
-
Октябрь 29, 2026"Азаттык Talk": "Айтматовдун руху каармандарды коштоп жүрдү"
-
Октябрь 29, 2026Испания: Кырсыктаган поездде 70тей киши набыт болду
-
Октябрь 28, 2026Израилдеги шайлоо: Араб партиялары чечүүчү күчкө айланабы?
-
Октябрь 28, 2026Чикагодогу кыргыздар: "Мексика менен келгениме өкүндүм”