Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Соңку үч күндө беш киши сууга чөктү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Свердлов районундагы Комсомол көлүндө 27-июлда Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 5 жаштагы Нуртилек Атабаевге алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

25-июлда Чоң-Чүй каналына түшүп, чөгүп кеткен 12 жаштагы баланын сөөгү табыла элек.

26-июнда Озерная айылында карьерге Бишкек шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Сергей Розалиев чөгүп кеткен. Кечээ анын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

“Сейил” паркындагы Ала-Арча дарыясына 26-июлда Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну, 35 жаштагы Айсулуу Кудайбергенова чөгүп кеткен. Кечээ издөө иштеринин жыйынтыгында анын денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусунда Чоң Ак-Суу суусуна агып кеткен 65 жаштагы жарандын сөөгү табыла элек.

Ошто Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Өзгүр чегинде 27-июлда 15 жаштагы Нурланбек кызы Чолпонай ПМК каналына чөгүп кеткен. Анын жансыз денеси ушул эле күнү кечинде табылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG