Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Чолпон-Ата: бала бакчалардагы паракорчулук текшерилет

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары калаадагы бала бакчалардын кызматкерлери акча талап кылып жатканы тууралуу ата-энелердин арызын текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин кабыл алышты.

Шаардык кеңештин депутаты Тилек Мааткеримованын айтымында, бала бакча жетекчилери балдарды кабыл алуу үчүн 5-10 миң сомдон талап кылышарын айтып, бир нече ата-эне кайрылган. Алар балдар шаардын өзүнөн эмес, Бостери, Кара-Ой айылынан ким акча берсе ошолордун балдары кабыл алынып жатышканын айтышууда. Мындан улам шаардык кеңештин депутаттары бакчага балдарды мэриядан жолдомо аркылуу кабыл алууну сунушташууда.

Чолпон-Ата шаарында муниципалдык үч бала бакча 700гө жакын баланы кабыл алат. 12 миң калктуу шаарга үч бала бакча жетишсиз болуп жатканы белгиленди. (AsA)

XS
SM
MD
LG