Шри-Ланкада бүгүн шахмат боюнча Азиянын командалык чемпионаты өттү.
Шахмат федерациясынын вице-президенти Талант Мамытовдун билдиришинче, турнирге 16 шаардан келген курама топ катышты. Бишкек командасынын курамында Асыл Абдыжапар, Семетей Төлөгөнтегин, Чыңгыз Исаев, Тагир Таалайбеков жана Мелис Маматов ойноду.
Оюндун акыркы турунда кыргыз шахмачылары Дубай курамасы менен ойноп, 3,5:0,5 эсебинде жеңишке жетишти. Тогуз матчта кыргызстандыктар 7 жолу жеңишкен. Тогуз турдун жыйынтыгы менен шахматчылар 18 упайдын ичинен 14 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи. (AzK)