Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Четте куралдуу жаңжалга катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат


Президент Алмазбек Атамбаев "Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жаңы киргизилген 226-4-беренеге ылайык, чет жакта куралдуу жаңжалдарга катышып, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындай кылмыштарга кириптер болгондор 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошондой эле куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан жерлерге жарандарды азгыргандар жана жалдагандар, атайын даярдыктан өтүүгө жардамдашкандар сегиз жылдан 15 жылга чейин кесилет. Ал эми жашы жете электерди террористтик же экстремисттик иштерге тарткандар өмүр бою эркинен ажыратылат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

УКМК ушул тапта Сирияга согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 350дөн ашканын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG