Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Таластагы сот аткаруучуларга байланышкан чырды жергиликтүү бийлик иликтейт


Бул тууралуу “Азаттыкка” зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилген үч сот аткаруучунун бири Илгиз Карымбаевдин жубайы Айгерим Акматова билдирди. Анын айтымында, Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров зордукталды делген Калия Арабековага байланыштуу иштин тегерегиндеги чырды бир жума ичинде карап чыгып, чырлашкан тараптардын дооматтарын териштирерин билдирген.

Айгерим Акматова 27-июлда Талас шаарында соттолгон үч сот аткаруучунун жакындары акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаеванын ишине нааразылык билдирип, тынч митингге чыгышканын, митинг өткөрүүгө 22-июлда шаардык мэриядан уруксат алышканын, Момунтаеванын уулу чогулган элдин алдына чыгып, өзү митингге чыккандардын бирин жакалаганын билдирүүдө.

Кечээ Арзыкан Момунтаева митингге чыккандар ага асылып, тилдеп, уулун жакалаганга чейин барганын “Азаттыкка” кабарлаган эле.

Ушул жылдын 21-майында сот Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар боюнча өкүм чыгарган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен сот залынан камакка алынган эмес. Мындан кийин жабырлануучу Калия Арабекова Илгиз Карымбаев аны кайрадан кордогонун айтып чыккан.

Соттолгондордун бири Илгиз Карымбаевдин жакындары сот чечимине макул болбой, жалган жалаа жабуу аракети болуп келатканын белгилешүүдө. Ушул тапта бул иш Чүй облустук сотуна өткөрүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG