Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Швейцариялык тик учактар уйларга Франциядан суу ташыды


Аба ырайы катуу ысыгандыктан швейцар армиясынын тик учактары бодо малга кайсы жерден болсо да суу алып келүү тапшырмасын алышкан. Алар акыркы жолу Франциянын чек арасынан учуп өтүп, Рус көлүнөн суу ташып алып келишкен. Швейцариянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, алар өткөн аптада Невшател жана Жу көлдөрүнөн малга суу жеткирген.

Швейцариялык уйларга суу ташуу операциясын француз тарап “таң калуу” менен кабыл алды. Франциянын Ле-Рус шаарынын мэринин орун басары Кристоф Матез алардан суу ташып кетүү үчүн “швейцар тарап атайын билдирүү бербегенин жана эскертпегенин” сынга алды. Ал эми швейцариялык күч кызматтары болсо Франциянын аскердик-аба күчтөрүнөн уруксат алганын кабарлашты.

Франциянын жана Швейцариянын тоолуу районунда уйлар күн ысыкта аз суу ичкенден улам сүттү аз берип, жергиликтүүлөрдү кабатыр кылган. Бул аймактагы фермерлер дүйнөнүн белгилүү фирмаларын сүт менен камсыз кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG