Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Токмоктогу мушташтан кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


27-июлда Токмокто болгон кыргыз-дунган жаштарынын мушташына байланыштуу шейшембиде жергиликтүү бийлик, күч кызматтары эки улуттун аксакалдарынын, жаштарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда эки тараптын өкүлдөрү жаңжалдын эмнеден келип чыкканын айтышты.

Токмок шаарынын жана Чүй районунун тургундары “Лига” аттуу каймана ат менен белгилүү, 30 жаштагы Токмоктун тургунуна нааразылык билдирип, ал 27-июлда саат 16:00 чамасында түрдүү нерселер менен куралданган 50 чакты жигитти базардын жанына алып келип, башаламандык уюштурганын айтышты. Ошондой эле жыйында дунгандар кыргыздарды Казакстандын талааларына мыйзамсыз алып барып иштетишери, талаада иштеген аялдарга акчасын убагында бербей, аларга ыдык көрсөтүлөрү тууралуу да айтылды.

27-июлда Токмоктогу "Булак" базарында 20-25 жаштагы кыргыз жана дунган улутундагы адамдар мушташкан. Жаңжалды басууга барган милицияга да кол көтөрүлгөн. Учурда бул жаңжал боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөгө алынганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG