Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд. куб метр суу бар


Бул тууралуу “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты. Ага ылайык, 28-июлга карата өлкөдөгү эң башкы суу чөйчөктө 11 млрд. 524 млн. куб метр суу чогулду. Бул өткөн жылкы ушул күнгө караганда 2 млн. куб метрге көбүрөөк.

Бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 765 куб метрди түзсө, агып чыккан суу секундасына 356 кубметр.

“Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бир суткада жалпысынан 25 млн. 12 миң кВт саат электр энергиясы иштетилет. Бишкек ТЭЦи суткасына 1 млн. 200 миң кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууда. ТЭЦте 130 миң тоннага чукул көмүр бар, мындан тышкары дагы алып келинүүдө.

Былтыр кышкы жылуулук сезонуна Токтогул суу сактагычы 10 млрд. кубметрдин айланасындагы суу менен кирип, кыш ортологондо суунун көлөмү эң төмөнкү чекке жеткен. Кыргыз өкмөтү сууну үнөмдөө максатында Казакстандан 1,4 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG