Бул тууралуу облустун жарым жылдык отчетунда айтылат. Маалымат боюнча, Нарын облусунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жоктугунан улам каймак, кефир, май, быштак жана башка сүт азыктары толугу менен Бишкектен алынат.
"Этти, сүттү жана жүндү кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан булардын баары чийки түрүндө арзан баада сатылып кетүүдө. Мындай ишканалар болсо жаңы жумуш орундары түзүлүп, мамлекетке салык төгүлүп, жергиликтүү эл колбаса, быштак, кефир жана башка азыктар менен камсыз болмок" деп айтылат маалыматта.
Нарын облусу Кыргызстанда төрт түлүк мал эң көп багылган аймак катары саналат. (ZKo)