Amnesty Internationak уюму 28-июлда тараткан билдирүүдө орус бийлиги акыркы жылдары жарандык коомго системалык түрдө сокку уруп келатканы белгиленип, орусиялык бейөкмөт уюмдардын сырттан каржылануусун кыскартууга аракеттенип жатканы айтылган. Анда ошондой эле “Чет элдик тыңчылар жөнүндө” жана “Жагымсыз уюмдар жөнүндө” мыйзамдар өлкөдөгү сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине каршы келери айтылган.
“Бул болочокто Орусияда адам укугун коргоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө кыйратуучу таасирин тийгизет”, - деп билдирди Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Жон Далхуисен.
28-июлда Орусиянын Башкы прокуратурасы Демократияны колдоо боюнча улуттук фондду "Орусия үчүн жагымсыз уюм" деп тапкан. Башкы көзөмөл органы чечимин “уюм шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп таануу боюнча иштерге катышкан” деп түшүндүрдү.
“Жагымсыз уюмдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, мындай уюмдарга Орусияда ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган, ал эми алар менен кызматташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.