Америкада өтүп жаткан Эл аралык чемпиондор кубогунун алкагындагы жолдоштук беттешүүсүндө “Челси” “Барселонаны” утту. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгүндө эсеп 2:2 болгондуктан, жеңүүчү пенальтиде аныкталды. Пенальтини англиялык футболисттер чебер тебишип, атаандаштарынын дарбазасына 4 топ киргизди, ал эми каталониялыктар 2 топ киргизди.
Ал эми “Бенефика” (Португалия) “Америка” (Мексика) таймашында да эсеп ачылбай, футболисттер пенальти тебишти жана 4:3 эсебинде “Бенефика” утту.