Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

“Лашкар-е-Жангви” тобунун ана башы жок кылынды


“Лашкар-е-Жангви” согушчул тобунун лидери Малик Ишак. 9-октябрь 2012
“Лашкар-е-Жангви” согушчул тобунун лидери Малик Ишак. 9-октябрь 2012

Пакистан полициясынын билдиришинче, 29-июлдагы атышууда Малик Ишак, анын эки уулу жана 11 согушкер өлтүрүлгөн. Конвой Ишакты уулдары менен алып баратканда аларды бошотмок болгон куралдуу топтун буктурмасына кабылган. Атышууда алты полициячы жараат алган.

Малик Ишакты АКШ террорчу деп жарыяланган. Ал негиздеген “Лашкар-е-Жангви” радикал тобу жүздөгөн жарандардын, көбүнчө шиит мусулмандардын өлүмү үчүн жоокерчиликти өзүнө алган. Талиптер жана “ал-Каида” менен тыкыс кызматташкан Малик Ишак бир нече ирет соттолуп, бирок күбөлөр жүзмө-жүз көрсөтмө берүүдөн баш тарткандан улам кутулуп кеткен. Ал 26-июлда кайра камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG