Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, укук коргоочу Шералы Назаралиев көзү тирүү болгондо бүгүн 65 жашка чыкмак. Буга байланыштуу Акун 30-июлда маалымат жыйынын уюштуруп, Шералы Назаркулов, Аксы окуясы, ошол учурдагы саясий кырдаал эскерилерин билдирди.
Шералы Назаркулов 2002-жылы 7-февралда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күн ачкачылык кармап, каза болгон. (AzK)