Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Пакистан: селде 81 киши өлүп, 172 миң адам көчүрүлдү


Пакистан. Суу каптаган кан жолдогу жүк тарткан машине.
Пакистан. Суу каптаган кан жолдогу жүк тарткан машине.

Пакистанда катуу жаандан жана селдин кесепетинен акыркы эки жумада 81 адам өлүп, 300 миңден ашык адам жабыркады. Июлдун ортосунан бери токтобой куйган жамгыр өлкө түндүгүндө 1900дөн көп үйгө зыян келтирип, ондогон адамдар жараат алды.

Пакистан өкмөтүнүн өкүлү Ахмед Камалдын билдиришинче, Хайбер Пахтунхва, Пенжаб, Түштүк Балужистан жана Гилгит Балтистан аймактарында 172 миңден ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бир гана Пенжаб провинциясында 375 кыштакты сел каптаган. Ондогон кан жолдор жана көпүрөлөр иштен чыгып, башка да инфраструктуралык объекттер катуу зыян тартканы да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG