Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Кулябда тажиктер орус аскерлери менен мушташты


Тажикстандагы орусиялык аскерлердин 201-базасынын жоокерлери согуштук өнөргө машыгууда.
Тажикстандагы орусиялык аскерлердин 201-базасынын жоокерлери согуштук өнөргө машыгууда.

Куляб шаарында орусиялык аскерлер менен тажик жаштары мушташты. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын 28-июлда маалымдашынча, орусиялык аскердик базанын жети офицери мас болуп алып, “Кулябдын борбордук жолуна ич кийимчен чыгып тополоң салышкан”. Бул тажик жаштарын кыжырдантып, ошол жерде чатак чыккан.

Орус офицерлерге базадан жардамга аскерлер келген. Мушташты милиция токтоткон. Тажикстанда Орусиянын жети миңдей аскери бар. Алар Душанбе, Куляб жана Коргон-Төбө шаарларында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG