Сейсмология институтунун билдиришинче, Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында жер титирөө бүгүн түшкү саат бир жарымдар чамасында болгон. Күчү үч баллга жеткен жер силкинүүсүнүн очогу Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка карай 10 км аралыктагы аймакта болгон.
Калк жашаган Көк-Таш айылы жана Майлуу-Суу шаарында жер титирөөнүн күчү 2 жарым баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар болгон жок. (AzK)