Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Өкмөт машинеге ишеним катты кайтарууну каалайт


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Өкмөт унаа айдоодо кайрадан ишеним катты киргизүүнү пландоодо. Ишеним кат 2012-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган болчу.

Ошол кезде МАИ эгер ишеним катты алып салса, башаламандык башталат деген жүйөсүн жашоо өзү төгүндөгөн.

Өкмөт эски эреженин кайтарууга жүйө катары унаа салыгын чогултуу кыйын болуп жатканы менен түшүндүрүүдө. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин өкүлү Кубанычбек Имамов буларды айтты:

- Салык төлөө маселеси орчундуу болуп жатат. Анткени мурун ишеним катты бергенде сөзсүз түрдө биздин департаменттен каттоодон өтчү. Каттоодон өтүп жаткан мезгилде салыгы төлөнүп-төлөнбөгөнүн көзөмөлдөп турчубуз. Бирок азыр ал ишеним катты кайсы бир учурларда негизги ээсине карата берилип жатканы менен каттоосу жок болуп, салык төлөө функциясын көзөмөлдөй албай жатабыз.

2012-жылы киргизилген бул жеңилдик өкмөткө салыкты чогултууга тоскоол болуп жатканын Экономикалык министрлигинин өкүлү Кубанычбек Айдаралиев да белгилейт.

- Салык чогултуу иши абдан татаал болуп жатат. Ушундан улам толук, так өндүрүш үчүн эрежени кайрадан киргизүүгө туура келүүдө. Тактап айтканда, жазылган ишеним каттар каттоодон да өтүш керек деген талап коюп жатабыз. Ошондой эле машинанын эсеби да так болмок. Эгер МАИчилер токтоткондо, айдоочунун жанында ишеним каты болбосо, же айдап жүргөн машина ага катталбаса, ал уурдалган деп эсептелинет.

Башка варианттар барбы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, учурда республика боюнча 978 882 транспорттук каражат каттоодон өткөн. Айдоочулар ишеним кат менен машине айдоону колдосо, айрымдары үч жыл мурдагы эреже алынып салынгандан бери машинелерди оңой эле уурдап кетүүгө жол берип жатат деген пикирлерди карманышат.

Калыс: Мисалы, унаамдын ачкычы үйдө жатса ээн баштанып, жакындарымдын бирөө айдап кетип, кырсыка учураса жоопкерчиликти алган адамга байланыштуу түшүнүксүз жагдай түзүлүп жатпайбы. Мурда машинаны уурдап кетсе, же арыз жазышым керек болчу, же мени камашчу.​

Алмаз: Эми ар кандай жагдай болуп калат да. Кээде зарыл болуп жубайыңдын машинасын деле айдап кетесиң. Ошондо ишеним кат канчалык тоскоолдук жаратканын түшүнөсүң. Андан көрө ишеним катты милдеттүү түрдө дебей эле, башкача альтернативдик вариантты сунушташса болмок. Мисалы, Орусияда машинанын ээси унаасын бирөөгө тапшырганы жатса, уруксатын жазып берет. Айтор ушундай варианттарды ойлонуштурушса болмок.

"Жемкорлукка жол ачышы мүмкүн"

Ал эми Айдоочулар бирикмесинин мүчөсү Казбек Кучмезов ишеним катты колдонууну улам өзгөртө берүүнүн кажети жок эсептейт. Тескерисинче, учурда ишеним катсыз унааны айдаган көрүнүш чет мамлекеттерде кеңири жайылууда.

- Мисалы, Казакстан ишеним катты алып салды. Биз анын айласын кетирдик го. Милдеттүү түрдө болсун деп бир айтабыз, кайра айдоочуларга жеңилдик берилсин деген жүйөнү карманабыз. Эгер андай иш көп болуп жатса, андан көрө техосмотр деген нерсеге көзөмөлдү күчөтүү керек болчу. Себеби коопсуздук биринчи орунда туруп, керектен чыккан машиналардын айдалышына тыюу салыныш керек. Антпесе жолдо айдап баратып, андай эски унаанын бир жери иштебей калса эмне болот?

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев салык чогултулбай жатканына шылтоолоп, бюрократияга түрткөн системаны кайтарып келүү туура эмес деп эсептейт. "МАИ кызматкерлерин жемкорлукка түрткөндөн башка жыйынтык бербейт" деген ойдо.

- Премьер-министр Темир Сариев мурда жасалган бир катар реформаларды жокко чыгарып жаткандай. Ушул ишеним кат деле учурунда көп көйгөйдү жаратпады беле. Жөн гана ашыкча түйшүк жараткан маселе деп эсептейм. Эгер жол кайгуул кызматкерлери жолдо кармашса, ишеним катты жүйө келтирип, акча талап кылбайт деп эч ким кепилдик бербейт.

Учурда машине айдоого ишеним катты кайрадан киргизүү боюнча коомдук угуу башталды. Экономика министрлигинин интернет сайтындагы талкууга Кыргызстандын ар бир жараны пикирин билдирсе болот. Эгерде коомчулук тарабынан каршылык болсо, күздө күчүнө кирчү токтом кабыл алынбай калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG