Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Молдо Омар өлгөнү тастыкталды


Молдо Омар
Молдо Омар

29-июлда ооган өкмөтү "Талибан" кыймылынын башчысы Молдо Омардын өлгөнүн тастыктады. Талибдердин лидери мындан эки жыл мурда өлгөнү белгилүү болду.

29-июлда эртең мененден тарта Молдо Омар мурда эле өлгөнү тууралуу ар кандай кабарлар чыга баштады. Маселен, Ооганстандын улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна "Талибан" лидери Молдо Мухаммад Омар 2013-жылы өлгөнүн тастыктап, бирок башка маалымат айткан эмес.

Ооганстандын “Биринчи канал” телекөрсөтүүсү өкмөттөгү булактарына таянуу менен талиб лидери өлгөнү тууралуу кабар Кабулга Пакистандан келгенин билдирди. Германиянын DPA агенттиги болсо ооган өкмөтүнүн өзүн тааныштырбаган өкүлүнө шилтеме жасап, Молдо Омар эки жыл мурун оорудан каза тапканын жазып чыкты.

Би-Би-Си Ооган президентинин кеңсесиндеги жана атайын кызматтарындагы булактарына таянып, Омар эки же үч жыл мурда өлгөнү тууралуу кабарлады. AFP агенттиги да Ооганстандагы бийлик өкүлүнө таянуу менен Молдо Омар Пакистанда каза таап, сөөгү Ооганстандын Забул аймагында жерге берилгенин жазды.

Молдо Омардын өлгөнү тууралуу ушинтип дүйнөлүк маалымат агенттиктери жабыла жазып киришкен соң ооган президенти Ашраф Ганинин маалымат катчысы Завар Хошими Кабулда журналисттер үчүн билдирүү жасоого аргасыз болду:

- Биз талибдердин лидери Молдо Омардын өлүмү тууралуу кабарларды алдык. Бирок азыр ал маалыматтар текшерилип жатат. Тастыкталар замат жарыялайбыз. Маалымат каражаттары менен Ооганстандын эли бул тууралуу билиши керек.

Андан көп өтпөй эле, ушул эле күнү кечинде ооган өкмөтү маалымат каражаттарына талибдердин лидери Молдо Мохаммад Омар өлгөнү тасыкталганы тууралуу билдирүү таратты. Коопсуздук маселелери боюнча улуттук башкармалыктын маалымат катчысы Абдул Хассиб Седдики “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна ал 2013-жылы апрелде Пакистанда белгисиз оорудан өлгөнү белгилүү болгонун айтты:

- Молдо Мохаммад Омар Карачи шаарынан анча алыс эмес жердеги ооруканада эки жыл төрт ай мурда каза тапкан.

Молдо Омар өлгөнү тууралуу буга чейин да айың кептер көп айтылып, бирок анын аныгына эч ким жетпей келген. Ооган өкмөтү аны тасыкташы эми ошол айың кептердин баарына чекит коюп отурат.

Бул боюнча азырынча Пакистан тараптан эч кандай расмий реакция жок. "Талибан" кыймылы да үн ката элек. Кыймыл ушул убакытка чейин Молдо Омардын өлүмү тууралуу ар кандай айың кептерди четке кагып келген эле.

Атүгүл аз күн мурда эле, 15-июлда "Талибан” кыймылы лидери Молдо Омардын атынан биринчи жолу ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү колдогон билдирүү тараткан. Мындай сүйлөшүүгө каршы экенин айтып, "Талибандан" бөлүнүп чыккан “Фидаи Махаз” тобу өткөн аптада Молдо Омар өлгөнүн, анын ордун орун басары Ахтар Мансур ээлегенин жарыялаган.

Кандай болгондо да Молдо Омардын өлүмү тастыкталышы ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы башталар учурга туш келди. Пакистанда өтчү бул сүйлөшүү 31-июлга белгиленген эле. АКШ менен Кытайдын калкалоосундагы бул сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 7-июлда Пакистанда, Исламабаддын чет жакасында өтүп, ал алдыга жасалган маанилүү кадам катары бааланган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Молдо Омар 1960-жылы Кандагар провинциясында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.1980-жылдары ал советтик аскерлерге каршы күрөшкөн ооган можахеддеринин лидерлеринин бири болгон. Ошондогу уруштардын маалында бир көзүнөн айрылган.

1996-жылы “Талибан” кыймылын башкарып, Ислам Эмиратынын тушунда 2001-жылга чейин Ооганстанды жетектеп турган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук окуялардан соң НАТОнун аракети менен Ооганстанда талибдердин бийлиги кулатылганда Молдо Омар жашырынып кеткен. Ал Осама бин Ладен менен да тыгыз байланышта болуп, бир канча убакыт Пакистанда баш калкалаганы айтылат. АКШ анын башы үчүн 10 миллион доллар сайган эле.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG