Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

"Ата Мекен" оппозициялык "Жаңы муун” кыймылы менен кызматташат


Эки бирикменин стратегиялык өнөктөш болуу тууралуу макулдашуусуна бүгүн кол коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жаңы муун” кыймылынын теңтөрагасы Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, эки саясий уюмдун максаттары жана позициялары дал келишет:

- Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюуну келиштик. Анткени ушул тапта бийликтин куурчагы болбогон, бийликтен көз карандысыз, Кыргызстандын келечеги үчүн карманган позициясы бар бирден бир жалгыз партия – “Ата Мекен”. Биздин макулдашуубуз аз убакытка эмес, алдыдагы 5-6 жылда өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чогуу кызматташуу максатында түзүлөт.

“Жаңы муун” кыймылы азыркы бийликке оппозициялык маанайда. “Ата Мекен” партиясы болсо учурда парламенттеги башкаруучу коалициянын мүчөсү. Башында Өмүрбек Текебаев турган бул партия жакында “Улуттар биримдиги” саясий партиясы менен кызматташарын жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG