Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңди табылды


Ички иштер министрлигинин малыматына ылайык, Ала-Бука районунда жоголгон эки бир тууган 29-июлда өздөрү үйгө кайтып келишкен. Алар маалымат каражаттарынан, интернеттен өздөрүнүн сүрөтүн көрүп, милиция издеп жатканын билген соң ата-энесине телефон чалып, кабарын билдирген. Кыздар туугандарынын үйүндө 10 күндөн ашык убакыт бою ата-энесине дайынын билдирбей жүрүшкөн.

Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын тургундары, 21 жана 20 жаштагы эже-сиңди Махира жана Махина Шариповалар 16-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Айрым маалыматтарга караганда, кыздардын улуусу Махира аны ата-энеси кудалап койгонуна макул болбой таарынып, сиңдисин ээрчитип кетип калган. (AzK/RsK)

XS
SM
MD
LG