Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

Бишкек-Торугарт жолунда кызды коюп кетти деп шектелген айдоочу кармалды


Тартип коргоо органдарынын издөө иштеринин жыйынтыгында, 10 жаштагы кызды коюп качып кетти деп шектелген айдоочу 29-июлга караган түнү Кемин-Бишкек багытындагы жолдо колго түшүрүлдү.

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун 43 жаштагы тургуну айдап жүргөн «Фольсваген-Пассат» унаасын текшерген учурда андан чачтын жана кандын издери табылган. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү киши Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу тергөө абагына камалды.

28-июлда Бишкек-Торугарт жолунун 152-чакырымында жолдон өтүп бараткан кызды белгисиз айдоочу коюп кеткен. Кыз ошол жерден эле көз жумган. (AzK)

XS
SM
MD
LG