АКШнын жардамы менен соңку беш жыл аралыгында Кыргызстандагы негизги мекемелер үч миллион 700 миң долларлык жабдуулар менен камсыз болгон. 2011-14-жылдары өлкөнүн айыл чарбасына АКШ-Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан 20 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында USAID уюмунун колдоосу менен медициналык тейлөө, эне-баланын өлүмүн кыскартуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган. Билим берүү тармагында мектеп окуучуларынын окуу жөндөмүн арттыруу, мугалимдерге методикалык-программалык жардам берүү боюнча долбоорлор ишке ашырылган.
АКШ 1991-жылы 27-декабрда дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. Андан бери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID жыл сайын 40 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келген. 2001-жылдан тарта “Манас” аба майданындагы авиабазанын ижара акысы үчүн төрт миллион доллардан, 2009-жылдан баштап 60 миллиондон төлөп келген. 2014-жылы июнь айында авиабаза Кыргызстандан чыгарылган.
Эки апта мурун Кыргызстан АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди бузду. (AzK)