АКШнын Финансы министрлиги маалымдагандай, жаңы чектөөлөр 15 кишиге жана ишканага тиешелүү. Алардын арасында орусиялык ишкерлер Геннадий Тимченко жана Борис Ротенберг бар. Ошондой эле “Калашников” концерни да чектөөгө кабылды. "Кара тизмеге" мурдагы президент Януковичтин тушундагы украиналык төрт аткаминер бар, алар мамлекеттик казынаны уурдоого катышы бар деп айтылууда.
Каржылык санкциялар Орусия тарабынан аннексияланып алынган Крымдагы деңиз операторлоруна да киргизилди. Алардын АКШ банктарындагы активдери жабылды, америкалык жарандарга булар менен иш жүргүзүүгө тыюу салынды.
Чектөөлөрдүн башкы максаты – эл аралык укуктарды бузуп жаткан Орусияга экономикалык кысымды улантуу деп белгилейт АКШнын Финансы министрлиги.