Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Иерусалимдеги гей-парадда алты киши бычак жеди


Аларга парад кезинде радикал динчил жөөт кол салып, бычак шилтеп жиберген. “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы Эла Котлер билдиргендей, бейшембиде өткөн кумсалар парады учурунда колунда бычагы бар жөөттү полиция кармаганча, алты кишини жаралоого үлгүргөн.

Бычак жегендердин баары ооруканага жеткирилген, бир аялдын абалы оор деп айтылууда.

Кумсаларга кол салган экстремист Ишай Шлисель жакында эле түрмөдөн чыкканы аныкталды. Ал 2005-жылы да кумсалардын парадына кол салып, үч кишини бычактаганы үчүн түрмөгө түшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG