Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Кара-Сууда милиция пара менен кармалды


Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери телефон уурдоого шектелген жарандан 25 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кара-Суу милиция кызматкери уурулукка шектелген жарандан ишти кыскартуу үчүн 60 миң сом талап кылган. 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган кызматкерге "пара талап кылган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азырынча кармалган милиция кызматкеринин аты атала элек. (YI)

XS
SM
MD
LG