Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ат-Башыда эрежесиз эр уруш өттү

Спорттун вале-тудо түрү боюнча Ат-Башы кубогу үчүн эл аралык мелдеш өттү. Анда жалпысынан 10 салмак ченинде 20 спортчу катышты.

Мелдешке Тажикстандан жана Казакстандан экиден спортчу келди. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү Ат-Башыдан чыккан спортчулар болду. Ат-Башы кубогу үчүн таймашта жергиликтүү тургун Максат Өскөнбаев (каймана аты "Өскө") Казакстандын Чымкент облусунан келген Расамбетов Жасурбекке утулуп калды. Мелдешти Вале-тудо федерациясы уюштуруп, демөөрчүлөр 350 миң сом чыгарышты. Федерациянын жетекчилери мындай мелдешти өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүү пландары бар экенин айтышты.​

16x9 Image

Мирлан Кадыров

"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
XS
SM
MD
LG