Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Кытай диссиденти Ай Вэйвэй Бээжинден Берлинге учуп кетти


Кытай сүрөтчүсү, диссидент Ай Вэйвэй
Кытай сүрөтчүсү, диссидент Ай Вэйвэй

Кытай сүрөтчүсү, диссидент Ай Вэйвэй бейшембиде Lufthansa авиакомпаниясынын учагы менен Бээжинден Германияга учту. Кытай бийликтери чет элдик паспорт берүүдөн баш тарткандыктан ал акыркы төрт жылдан бери сыртка чыга албай келген. Берлинде сүрөтчү Германияда апасы менен жашаган уулуна кездешет.

Немис агенттиктери кабарлагандай, Вэйвэй Германияда медициналык кароодон өтөт. 2009-жылы сүрөтчүнүн мээсине кан кетип, Мюнхенде операция жасаткан эле. Ага диссидентти Сычуандагы полиция бөлүмүндө катуу сабашып, башынан жаракат алышы себеп болгону айтылган. Сүрөтчү эми Германияда чыгармачылык менен алектенип, Берлиндеги көркөм өнөр университетинде сабак берүү ниетинде.

Сүрөтчү Кытайда салык жашырган деген кине менен 2011-жылдын апрелинде камалган. Укук коргоочулар муну саясий себепке байлап келатышат. Вэйвэй Кытайдын саясий системасын сынга алган сүрөтчү катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG