Кыргызстанда 1- августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34
Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27
Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 17…19° жылуу, күндүз 30…32° жылуу болот (AzK)