Туризмге журналисттердин салымы чоң
Малайзиянын үч ири медиа холдингинде иштеген алты журналист Кыргызстанга келип кетти. Алар өлкөнү кыдырып, Кыргызстандын маданияты, жаратылышы, салт-санаасы менен таанышуу үчүн келген. 25-июлда Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" ыр сынагына дагы күбө болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен дагы жолугушушту. Иш чаранын максаты эки өлкө алакасын жакшыртуу. Алар өз жерине барып Кыргызстан жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүшөт. Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен 20 чакты кыргызстандык журналист менен чыгармачыл адамдар Малайзияга барып келишкен. Малайзиялык журналисттердин сапары 30-июлда аяктады.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 24, 2026"Русский дом" - Кыргызстандан Африкага чейин жайылган таасир
-
Октябрь 17, 2026АКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык
-
Октябрь 11, 2026“Мугалим тартыш, класста 35 окуучу". Франциядагы кризис
-
Сентябрь 25, 2026Кеон Мадрид: Кыргыздарды изилдедим, Ала-Арчадан жан дүйнөм ачылды
-
Сентябрь 16, 2026Сеулдагы саммит: Борбор Азия Түштүк Кореянын инвестициясына кызыгат
-
Сентябрь 11, 20269/11: Ооганстандагы операция, "Манас" аба базасы