“Казакмыс Голд-Кыргызстан” компаниясы инвестициялаган Бозумчак алтын кени бүгүн расмий ишке кирүүдө. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак кени сентябрь айынан баштап толук ишке кирмекчи. Алтын кен быйыл мамлекетке 250 млн. сом салык төлөйт деп болжолдонууда. Анын 50 млн. сому жергиликтүү казынага түшөт.
Бозумчактын ачылыш салтанатына барган премьер-министр Темир Сариев кендин арты менен Ала-Букадагы эки айыл өкмөтү толук дотациядан чыкканын айтты. Өкмөт башчы ишканага каршы жол тоскондорду айыптады:
- Бир-эки адам өз кызыкчылыгы менен өлкөнүн өнүгүшүн каалабай, жол тосуп жатышат. Тийиштүү кызматтарга тапшырма берилип, мыйзамды бузгандарга чара көрүлөт.
Бозумчак кени 2016-жылдан баштап толук ишке кирсе, жылына 400 млн. сом салык төлөйт. Учурда ишканада 700 киши иштесе, бир жылдан кийин жумушчулардын саны миңге жетмекчи. (RsK\SDz)