20-29-июль күндөрү Азербайжандын Баку шаарында 47-эл аралык Химия олимпиадасы өттү. Бул олимпиадага кыргызстандык окуучулар жакшы даярдыгын көрсөтүп, байгелүү кайтышты.
Жалпысынан 75 мамлекеттен химия боюнча 250 эксперт, жюри жана 296 окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында "Манас Ата – Себат" лицейинин окуучусу Темирлан Кубаналиев коло медалга ээ болду. Темирлан Москва жана Ханойдо өткөн 45-46-олимпиадаларга да катышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Себат" билим берүү мекемеси билдирди.
Кубаналиев 2015-жылы май айында Ереванда өткөн эл аралык Менделеев Химия олимпиадасында да коло медаль жеңип алган. (BCh)