Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

АКШ молдо Омардын өлгөнүн тастыктады


Ооган талибдеринин лидери Мухаммад Омардын өлүшү Ооганстан чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту орнотууга мүмкүнчүлүк түзөрүн АКШнын Ак үйү маалымдады.

“Талибандын” өкүлү 30-июлда молдо Омардын өлгөнүн тастыктаган. Бирок талиптердин билдирүүсүндө Омардын өлгөн күнү так айтылбайт. Анын бир нече убакыттар мурун оорудан өлгөнү гана маалымдалган.

Буга чейин Ооганстандын бийлик өкүлү талибдердин лидери Пакистандын борбору Карачидеги ооруканада 2013-жылы дарылануу учурунда каза тапканын айткан.

“Талибан” кыймылын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Омар 2001-жылы АКШ күчтөрү Ооганга киргенден бери коомчулукка көрүнбөй келген. Узак убакыттан бери молдо Омардын өлгөнү туурасында бир нече жолу кабар чыкканы менен, талибдер ар дайым маалыматты төгүндөп келчү. (SDz)

XS
SM
MD
LG