Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Иштамберди алтын кени күзүндө ишке кирет


Бул тууралуу 1-августта өкмөт башчы Темир Сариевдин Ала-Бука районундагы иш сапары учурунда белгилүү болду. Сариев Иштамберди алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышып, ишкананын жетекчилерине ишти 20-сентябрдан кечиктирбей баштоону тапшырды.

Учурда жабдуулардын жарымы ишканага алып келинген, ал эми калганы Кытайда даярдалууда. План боюнча, ишкана өндүрүшүнүн көлөмү жыл аягына чейин эки жүз кило металлды түзүш керек. Комбинат толук ишке киришсе, өлкө казынасына эки жүз миллиондон ашык сом салык түшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG