Ысык-Көл oблусунда ушул жылдын жети айында бир жашка чейинки 93 баланын өлүмү катталган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 30-июлда Ысык-Көл облусунда өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Ниязалиева балдардын өлүмүнө кесипкөй адистердин, медициналык жабдуулардын жетишсиздиги себеп болуп жатканын белгиледи.
Аталган облуста былтыркы жылы 80 ымыркайдын өлүмү катталган. (TSh)