Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Соң-Көлдө "Манас", маданият жана туризм фестивалы уланууда


Ак-Талаа району уюштурган Соң-Көл жайлоосунда "Манас", маданият жана туризм фестивалы өтүп жатат. Фестивалга кытай кыргыздарынан турган топ жана Ош жана Ысык-Көл облусунан келген өкүлдөр катышууда. Фестивалда “Манас” айтуу, улуттук бий таймашы "Соң-Көл периси" деген аталыштагы сулуулар сынагы жана кыз-жигит сармердени уюштурулду. Фестивал бүгүн да уланып, анда ат оюндарынын беш түрү боюнча облустун командалары күч сынашат.

Фестивал улуттук каада-салтты даңазалоо менен туризмди өнүктүрүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу менен региондун экономикасын өнүктүрүү, Соң-Көл жайлоосун туристтик аймакка айландыруу максатын көздөйт. (MiK)

XS
SM
MD
LG