Жапония Кыргызстанга 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо үчүн грант түрүндө 6 миллион долларлык жабдуу берди. Аны тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте болорун өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди:
- Жапон өкмөтүнөн шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын аныктай турган техникаларды алып жатабыз. Добуш берүүгө келген адамдын биометрикалык маалыматтары ошол жабдуулар менен текшерилип, атайын монитордо жарандын өздүк маалыматтарын тапшырган учурда тартып алынган сүрөтү да чыгат. Ал бардык шайлоо участкаларына жетиштүү болот.
4-октябрда өтө турган шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде добуш берүү пландалган. Атайын техникалык каражаттарды алуу боюнча Кыргызстан менен Жапония өкмөтү быйыл 22-майда меморандумга кол койгон. (SE)