Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Кыргызстандагы кыргыз жана өзбек ойчулдар жөнүндө китеп чыгат


Кыргызстанда жашап өткөн кыргыз жана өзбек улутундагы ойчулдар, мамлекеттик ишмерлер жана акын-жазуучулардын эки элдин ымаласын бекемдөөгө кошкон салымын баяндаган китеп “Ой гүлбагы” деп аталат. Аны коомдук ишмер жана жазуучу Бегижан Ахмедов ушул тапта даярдап жатат. Автордун айтымында, китеп августтун соңунда окурмандарга сунушталат.

XI кылымдан бери жашаган адабият өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишмерлердин үлгүлүү эмгеги жазылган китеп кыргыз жана өзбек тилдеринде миң нускадан чыгарылып, билим берүү мекемелерине акысыз берилет.

Бегижан Ахмедов буга чейин “Гүл жыттанган көңүлдөр” атуу китебин акысыз тараткан. Анда XVIII-XX кылымдарда жашаган ойчулардын улут аралык ынтымак менен мамлекеттүүлүктү түптөөгө кошкон иш-аракеттери баяндалган. (SE)

XS
SM
MD
LG