Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Земан мигранттарды Чехиянын эрежелерин сыйлоого чакырды


Милош Земан, Чехиянын президенти
Милош Земан, Чехиянын президенти

Чехиянын президенти Милош Земан өлкөгө мыйзамсыз жол менен келген чет элдик жарандарга каарын төктү.

“Силерди бул жерге эч ким чакырган жок. Бирок эми силер бул жерге келип алдыңар, демек биз силердин өлкөңөргө барганда мыйзамдарыңарды сыйлагандай эле силер да биздин эрежелерди урматташыңар керек. Эгер бул нерсе силерге жакпаса, анда кеткиле” деди Милош Земан.

Жума күндөн бери Чехиянын Бела-под-Бездезем шаарындагы качкындар лагеринде мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болууда. Буга ондогон мигранттар үй-бүлөлөрү менен депортация болоору тууралуу кабар себеп болгон.

Бейшембиден бери Чехияда мыйзамсыз жүргөн 146 мигрант - негизинен Ооганстан, Пакистан жана Ирактын жарандары кармалган. Полициянын божомолунда, алардын баары Германияга жетип алууга аракет кылышкан.

Чехия Евробиримдиктин мүчөсү катары 2004-жылдан 2017-жылга чейин 1,5 миң качкынды кабыл алуу милдетин алган.

Бирок 2015-жылдын биринчи алты айында эле Чехияда үч миңден ашык мыйзамсыз мигрант кармалган. Бул былтыркы жылга караганда бир жарым эсеге көп.

XS
SM
MD
LG