Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Молдо Омардын жакындары талиптердин жаңы лидерине каршы


Ооган талиптеринин каза тапкан лидери молдо Омардын үй-бүлөсү анын ордун молдо Ахтар Мансур ээлегенине каршылыгын билдиришти. 2-август күнү маркумдун иниси Абдул Манан аудиокайрылуу жарыялап, жаңы лидер талиптердин ардактуу өкүлдөрүнүн жана диний ишмерлердин тандоосу менен шайланышы керектигин эскертти.

- Биз Ахтар Мансурдун лидерлигин таныбайбыз. Себеби ал азчылыктын колдоосу менен тандалды. Лидерди шайлоо үчүн атайын кеңеш өткөрүү зарыл.

Омардын уулу Юкуб да Мансур талиптер арасында анчейин колдоого ээ эместигин айткан.

“Талибан” кыймылын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Омар 2001-жылы АКШ күчтөрү Ооганга киргенден бери коомчулукка көрүнбөй калган. Анын өлгөнү тууралуу бир нече жолу кабар чыкканы менен, талиптер маалыматты төгүндөп келчү. Жакында бул кабар тастыкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG