Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Талас районунун акими кызматтан кетүүгө арыз жазды


Талас районунун акими Райкан Өзүбеков 3-августтан тарта өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу өкмөт башчыга арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн акимчиликте өткөн жыйында өзү билдиргенин райондук админстрациядан "Азаттыкка" кабарлашты.

Өткөн аптада премьер-министр Темир Сариев аким өз милдетин жетиштүү аткарбай жатканын айтып, аны кызматтан аларын билдирген эле.

- Өзүбеков “ооруп жатам" деп, ишке келбей, өзү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынын өткөрүп жүрөт. Бул үчүн кызматтан кетет жана жазаланат”,- деген Сариев.

Аким жыйында жүрөгү ооруп, дарыланып жүргөнүн айтып, Сариевдин сөзүн жүйөсүз каралоо деп баалады.

- Мен Бишкекте дарыланып жатканыма карабай, 29-июлда жергиликтүү кеңештердин чакыруусу менен 6 айлык ишимдин отчетун бергени Таласка баргам. Жыйынды өзүм уюштурган эмесмин. Бул мени кызматтан алуунун шылтоосу,- деп жазылат акимдин билдирүүсүндө.

Райкан Өзүбеков “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. “Атамекенчилер” соңку кездери аталган партиянын жергиликтүү бийликтердеги өкүлдөрү кызматтан алына баштаганын айтып, муну шайлоо алдында оппозициялык лагерге айланып бараткан партия менен бийлик ортосундагы тиреш катары сыпаттаган. Өкмөт өкүлдөрү кызматтан алууларга шайлоонун тиешеси жок экенин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG