Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Кыргызстандык мигранттар билеттин баасына кабатыр

Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын билдиргенине караганда, ушул тапта Москва-Бишкек каттамы боюнча авиабилеттин баасы күндөн күнгө кымбаттап, 10 миң рублдан 15 миң рублга чейин көтөрүлдү.

Ортомчу билет сатуучулардын айтымында, кышка салыштырмалуу жайында ары-бери каттагандардын саны көбөйгөндүктөн авиабилеттин да баасы жогорулайт.

Азыр билеттин орточо баасы 9-10 миң рублдун тегерегинде болсо, январь-феварль айларында 4 миң рубль болчу.

Буга чейин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусияда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык мигранттарга 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирүү шарты түзүлгөн. Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билеттин баасынын кымбаттай баштаганы мигранттардын бул шартты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшу мүмкүндүгүн белгилейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG