Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

Чоң Чүй каналына аккан 12 жаштагы баланын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, сууга агып кеткен баланын сөөгү 2-августта түнкү саат 12ге жакын табылды.

12 жаштагы Талгат Абдынасыров 25-июлда кечки саат сегиз жарым чамасында Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында Жибек-Жолу - Калинин көчөлөрүнүн кесилишинен каналдагы тез аккан сууга түшүп кеткен.

Баланын Чоң Чүй каналын кѳздѳй агып баратканын өтүп бараткандар көрүп калып, куткаруучуларды чакырышкан. Кырсыкка кабылган бала Бишкектеги Кара-Жыгач конушунун Төө-Ашуу көчөсүндө жашачу. (AzK)

 

XS
SM
MD
LG