Кыргызстанда 4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Бишкекте 4-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Түнкүсүн 20…22 градус, күндүз 34…36 градус жылуу болот. (AzK)