Нигерия армиясы "Боко Харам" террордук уюмунда туткунда отурган 180ге жакын адамды бошотконун кабарлады. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бошотулгандардын арасында жүздөй бала жана ондогон аял-эркектер бар. Борно штатындагы бошотуу операциясы учурунда "Боко Харамдын" кол башчыларынын бири да кармалганы кабарланды.
Нигериянын түштүк-чыгыш аймагында соңку алты жылдан бери "Боко Харам" экстремисттери террордук аракеттерди жасап келет. Уюм шариатка негизделген ислам мамлекетин түзүүнү көздөйт.