Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Кырсыкка кабылган Жаза аткаруу кызматкеринин абалы оор

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупованын “Азаттыкка” билдиришинче, жол кырсыгына кабылган “Хонда Фит” автоунаасындагы Жаза аткаруу кызматкерлеринин бирөө ооруканада оор абалда жатат.

Алар түшкөн машинеге кагышкан “Хонда Ист” автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусунун энеси 3-августта Москва райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Анда ал уулу Жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан токмоктолгонун ырастоодо.

Алдын ала маалыматтарга караганда, "Хонда Ист" айдоочусунун баш мээси чайкалып, денеси көгөргөн. Ушул тапта анын жол кырсыгынан жабыркагандыгын же токмоктолгондугун аныктоо боюнча экспертиза дайындалды.

Кырсык 2-август күнү түнкү саат экилер чамасында Чүй облусуна караштуу Москва районунда Бишкек-Чалдовар канжолунда өткөн. Азырынча анын себептери тактала элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG